АӨБ КРнын мамлекеттик сатып алуулар системасын санариптештирүүгө жардам берет – блокчейн технологиясы колдонулат
Азия өнүктүрүү банкы КРнын алдыңкы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) колдонуу менен улуттук электрондук сатып алуу платформасын толук санариптештирүүгө жардам берүү үчүн 1 млн долларлык техникалык жардамды жактырды. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы билдирди.
Программа бардык мамлекеттик органдар жана мамлекеттик ишканалар тарабынан сатып алуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдонулган электрондук сатып алуулар системасын модернизациялоого жардам берет. Ал кагаз түрүндө жүргүзүлүүчү операцияларды алмаштыруу үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгууга жана жаңыртууга, ошондой эле онлайн режиминде көбүрөөк функцияларды ишке ашырууга жардам берет.
АӨБнын техникалык жардамы электрондук сатып алуулар системасынын коопсуздугун жакшыртууга да жардам берет. Жакшыртылган системаны ишке ашыруу үчүн серверлер сыяктуу жаңы жабдууларды сатып алууга колдоо көрсөтүлөт.
1 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү техникалык жардам гранттык негизде берилет. Анын ичинен 500 миң доллар АӨБнын Атайын техникалык жардам фондунан жана 500 миң доллар Корея Республикасынын электрондук Азия жана билим жаатындагы өнөктөштүк фондунан бөлүнөт жана АӨБ тарабынан башкарылат.