Быйыл Кыргызстанда түшүм кандай болду? – сандар сүйлөйт

Быйыл Кыргызстанда түшүм кандай болду? – сандар сүйлөйт

Быйыл дан эгини былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз жыйналды. Бул тууралуу Улустаткомдун маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата берилген маалымат боюнча, дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынган.

Бир млн тоннадан ашык эгин жыйналып, былтыркыга салыштырмалуу 34%га аз бастырылды.

Аба ырайынын кургакчыл болгондугуна байланыштуу түшүмдүүлүк төмөндөп, бир гектардан орто эсеп менен 11.3 центнерден гана алынды. Дүң жыйым 21 700 тоннаны түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 200 тоннага аздык кылат.

Ал эми аномалдуу ысык температурадан тышкары, сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттаган. Мында, жалпы республика боюнча буудайдын дүң жыйымы – 42.1%га, арпанын – 48.7%га, бакча өсүмдүктөрү – 14.6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 6.5%га, картошка – 5%га жана жашылчанын түшүмү – 1.6%га кыскарды.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар

Мамлекеттик авто мектептерде окуу баасы 19 миң сом болот

Мамлекеттик авто мектептерде окуу баасы 19 миң сом болот

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор мамлекеттик авто мектептерде окуу качан башталарын түшүндүрдү. Буга чейин Kaktus.media жарандар дээрлик бир ай мурда мамлекеттик авто мектепке онлайн катталып, сайт аркылуу арыз ташташканын, бирок окуу али баштала электигин билдиришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, окуу март айында башталат. Учурда курсанттарды кабыл

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 53 млн сомдук метамфетамин кармады

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 53 млн сомдук метамфетамин кармады

Метамфетамин деп аталган синтетикалык баңгизатын ташуучу каналдын жана трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Аталган мекеменин кызматкерлери УКМК жана коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишин токтотууга багытталган атайын операция жүргүзүшкөн. Натыйжада жасалма баңгизаттарды ташуучу