Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту

Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту

Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев «Биринчи радиого» билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Түркмөнстанда болгон чаң сапырылган катуу шамалдан улам электр чордондорунун иши татаалдаган. Ошондой эле Өзбекстандын энергетика тармагында да авариялык абал жаралган.

«Бүгүнкү күндө Түркмөнстандан келбей калган электр энергиясынын себеби түркмөн жеринде кум учурган шамал болгондуктан, линияда авария болду. Ошол себептен улам Түркмөнстан электр энергия берүүнү убактылуу токтотту. Аны менен бирге суук түшкөндөн Өзбекстанда дагы транзит кылган 500 киловаттык линиялардын эки жеринде авария болгон. Ремонт иштери бүткөн соң кайра келе баштайт», – деди ал.

Таалайбек Ибраев учурда 2022-жылы Түркмөнстандан алына турган электр энергиясын өткөрүп берүү келишимин түзүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, республикадагы энергетикалык кризиске байланыштуу Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алып жаткан. Кол коюлган келишимге ылайык, 2021-жылдын августунан декабрына чейин Түркмөнстан КРга 501.9 млн кВт.саат электр энергиясын бериш керек болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетиктер ЛЭПтерди курууда дрондорду колдонуу ыкмасын тажрыйбалап көрүштү

Энергетика тармагында жаңы стандарттар жана инновациялык изилдөөлөр башталганын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусу үчүн долбоорлонуп жаткан 220 киловольттук "Исанов" жаңы көмөк чордонун куруу алкагында электр берүү линиялары өтүүчү багыттарды аныктоо үчүн дрондорду колдонуу менен маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бул ыкма абадан жогорку тактыкта сүрөткө жана видеого

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда эң көп китеп окуган окуучуга 10 млн сум сыйлык берилет

Өзбекстанда мектеп окуучуларынын арасындагы эң активдүү окурмандарга 10 млн сум (817 доллар) өлчөмүндө акчалай сыйлык берилерин өлкө президенти жаштар менен жолугушууда билдирди. Маалыматка ылайык, кийинки окуу жылы башталганга чейин 100 мыкты чыгармадан турган жыйнак даярдалып, республиканын бардык мектептерине жана техникумдарына жеткирилет. Демилгеге ылайык, эң көп жана сапаттуу китеп окуган окуучулар

Мамлекеттик авто мектептерде окуу баасы 19 миң сом болот

Мамлекеттик авто мектептерде окуу баасы 19 миң сом болот

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор мамлекеттик авто мектептерде окуу качан башталарын түшүндүрдү. Буга чейин Kaktus.media жарандар дээрлик бир ай мурда мамлекеттик авто мектепке онлайн катталып, сайт аркылуу арыз ташташканын, бирок окуу али баштала электигин билдиришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, окуу март айында башталат. Учурда курсанттарды кабыл

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 53 млн сомдук метамфетамин кармады

Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 53 млн сомдук метамфетамин кармады

Метамфетамин деп аталган синтетикалык баңгизатын ташуучу каналдын жана трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы кабарлады. Аталган мекеменин кызматкерлери УКМК жана коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишин токтотууга багытталган атайын операция жүргүзүшкөн. Натыйжада жасалма баңгизаттарды ташуучу