Президент мамлекеттик мекемелердин кирешелери менен мактанды. Бирок өлкө кризисте экенин да мойнуна алды

Президент мамлекеттик мекемелердин кирешелери менен мактанды. Бирок өлкө кризисте экенин да мойнуна алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынынын башында кеңештин мүчөлөрүнө жана мамлекеттик орган жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип жатып, анын жүргүзгөн саясатынын аркасында мамлекеттик мекемелер кандай иштеп жатканын маалымдады.

Президенттин айтымында, анын жүргүзгөн саясатынан улам, мамлекеттик ишканалар мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк киреше алып келе башташкан. Бирок ушул эле жыйында Садыр Жапаров өлкө импортко көз каранды абалга туш болуп, оор критикалык жагдайда турганын да белгиледи.

Президент: Импортко көз каранды абалга туш болдук

Дыйкандар жана кредиттер

«Биздин мамлекеттик банктарды ревизия, аудит жасоо боюнча Эсептөө палатасына тапшырма бергем. Эмне себептен дыйкандарга берилген, жеңилдетилген кредиттер жетпей жатат деп. Кечээ жакында бүттү. Алар текшерип келип бүтүп мага отчетун беришти. Бул жерде дыйкандарга мамлекет тарабынан  бөлүнгөн каражаттардын 3% эле жетет экен.  Калган 97%ын жалаң бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор, алардын жакын  туугандары алат экен. Ошол үчүн жерлер айдалбай калды», – деди ал.

«Мегаком»

«”Мегаком” боюнча айтайын. Ушул жылдын башында анын башчысын алмаштырганмын. Мурдагы жылдары 2-3 млрдга чейин таза киреше берип аткан болсо, 2-3 жылдан бери 500 млнго түшүп калган. Тарифтер, абоненттери ошондой эле, бирок киреше 500 млнго төмөндөгөн. Мен жаңы жетекчи коюп туруп, минимум 1.5 млрдга чыгарасын, болбосо жоопко тартыласын дегенмин. Мына  бүгүн 1.5 млрд таза киреше берди. 1 млрд сом каякка кетип жүргөн? Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Былтыр болгону 1.5 млрдга чейин салык төккөн. Быйыл 3 млрд салык төгүп, 1.5 млрд сом  таза киреше таап атат. Мурда 1.5 млрд салык төккөн, салыктан да, таза кирешеден да 1 млрдын жеп жүргөн.  Мына ушундай фактылар өтө көп», – деди президент.

Темир жол боюнча

«Темир жол боюнча, мурда 2 млрд карызы болгон. Мен июль айында жетекчисин алмаштырдым дагы, эгерде коррупцияга аралашып, мурдагыларга окшоп ичип-жеп кетсең дароо камаласын, түрмөдөн чыкпайсың дегем. Мына бүгүн, алты айдын ичинде, 1 млрд 578 млн таза кирешеге чыгышты. Тапкан кирешесине Луговойдон баштап, Кыргызстандын аймагындагы бардык темир жолдорду оңдой баштады, жаңы вагондорду ала башташты», – деди ал.

«Манас» аэропорту

«Аэропорт боюнча, быйыл салыктарды төлөгөндөн кийин 3 млрд 110 млн сом таза кирешеси болду. Мурда 1 млрд 800 млн сом гана таза кирешеси болгон. 1 млрд 200 млн сом каякта? Ошол эле рейстер, ошол эле тарифтер, ошол эле аэропорт», – деди Жапаров.

«Дастан» заводу

«Дастан» заводу боюнча дагы, мурдагы бийликтин убагында камалгандар болгон. Алар ошол заводдун таза кирешесин жеп жүрүшкөн, шайлоого колдонуп салышкан. Мурда карызга батып калган болсо, быйыл 1 млрд сомго таза кирешеге чыгабыз деп турат», – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Алтын уютмасы менен пара бергенге аракет кылган адам кармалды

Алтын уютмасы менен пара бергенге аракет кылган адам кармалды

УКМК маалымдагандай, кыргызстандык жаран кызматкерге алтын куймалары менен пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалды. 2026-жылдын 23-февралында ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн УКМКнын кызматкерине жалпы салмагы 200 грамм болгон 2 даана өлчөмдүү алтын куйманы пара катары берип жаткан жеринен 1978-жылы туулган "

Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы  2026-жыл ичинде иш-чараларды алып баруучулардын кызматын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 1,5 млн сом жумшоо пландалууда. Техникалык тапшырмага ылайык, 2026-жылы өтө турган төмөнкү маданий иш-чараларда алып баруучулардын кызматы талап кылынат: * Кыргыз Республикасынын Туу күнү (3-март); * Нооруз майрамы

Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана баасы жарандарга ачык, жеткиликтүү болот

Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана баасы жарандарга ачык, жеткиликтүү болот

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Документ медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү алардын сапаты жана көрсөтүү шарттары тууралуу толук маалымат берүүгө милдеттендирет. Мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдөн кийин камсыздандырылган кыргызстандыктар медициналык кызматтардын түрлөрү, сапаты жана баасы жөнүндө ишенимдүү маалымат алууга укук алышты. Клиникалар камсыздандырылган

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындаганын The Chosun Daily басылмасы жогорку кызматтагы аткаминерге таянып жазганын "Азаттык" жарыялады. 2023-жылдан бери бул кызматты мурда Улуттук коргонуу академиясын жетектеген Чан Чхан Ха аркалаганы расмий айтылып келген.   The Korea Timefuf басылмасы