Шайлоочулардын 16%ы добуш берди – шайлоого катышуу былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге аз

Шайлоочулардын 16%ы добуш берди – шайлоого катышуу былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге аз

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкандардын саны саат 14:00гө карата 16%га жеткенин БШКдан билдиришти.

Кыргызстандыктар бирдиктүү шайлоо округунда, башкача айтканда, партиялык тизме боюнча добуш берүүгө активдүү катышууда. Саат 14:00гө карата партиялык система боюнча 602 миң шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 16.27%ы добуш берди.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын саны (округдар боюнча талапкерлер үчүн) 9 миңге аз, башкача айтканда, 593 миң шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 16.39%ын түзөт.

Белгилей кетсек, бир жыл мурда өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусу дээрлик 2 эсеге көп болуп, саат 14:00гө карата 28.11%ды түзгөн. Ошондой эле кыргызстандыктар быйыл апрель айында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда (19.41%) жана ушул жылдын январында президенттик шайлоодо (18.56%) активдүү добуш беришкен.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Анын ичинен 54 депутат 5%дык босогодон өткөн партиялардан пропорционалдуу түрдө кирип, ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Алтын уютмасы менен пара бергенге аракет кылган адам кармалды

Алтын уютмасы менен пара бергенге аракет кылган адам кармалды

УКМК маалымдагандай, кыргызстандык жаран кызматкерге алтын куймалары менен пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалды. 2026-жылдын 23-февралында ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн УКМКнын кызматкерине жалпы салмагы 200 грамм болгон 2 даана өлчөмдүү алтын куйманы пара катары берип жаткан жеринен 1978-жылы туулган "

Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы  2026-жыл ичинде иш-чараларды алып баруучулардын кызматын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 1,5 млн сом жумшоо пландалууда. Техникалык тапшырмага ылайык, 2026-жылы өтө турган төмөнкү маданий иш-чараларда алып баруучулардын кызматы талап кылынат: * Кыргыз Республикасынын Туу күнү (3-март); * Нооруз майрамы

Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана баасы жарандарга ачык, жеткиликтүү болот

Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана баасы жарандарга ачык, жеткиликтүү болот

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Документ медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү алардын сапаты жана көрсөтүү шарттары тууралуу толук маалымат берүүгө милдеттендирет. Мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдөн кийин камсыздандырылган кыргызстандыктар медициналык кызматтардын түрлөрү, сапаты жана баасы жөнүндө ишенимдүү маалымат алууга укук алышты. Клиникалар камсыздандырылган

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындаганын The Chosun Daily басылмасы жогорку кызматтагы аткаминерге таянып жазганын "Азаттык" жарыялады. 2023-жылдан бери бул кызматты мурда Улуттук коргонуу академиясын жетектеген Чан Чхан Ха аркалаганы расмий айтылып келген.   The Korea Timefuf басылмасы