Түшкө чейин чет өлкөдө 1 миң 505 шайлоочу добуш берди

Түшкө чейин чет өлкөдө 1 миң 505 шайлоочу добуш берди

Чет өлкөлөрдө Бишкек убактысы боюнча саат 13.00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 1 миң 505 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун билдиргенине караганда, чет өлкөлөрдө 55 шайлоо участкасында шайлоо өтүүдө. Улуу Британия (Лондон) жана АКШда (Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго) добуш берүү кийинчерээк башталат.

Эске сала кетсек, чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участогу иштейт. Добуш берүү тизмесине 84 миң 128 адам киргизилген. Бул 2020-жылдагы шайлоого караганда 2.5 эсеге көп.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.

Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Анын ичинен 54 депутат 5%дык босогодон өткөн партиялардан пропорционалдуу түрдө кирип, ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Алтын уютмасы менен пара бергенге аракет кылган адам кармалды

Алтын уютмасы менен пара бергенге аракет кылган адам кармалды

УКМК маалымдагандай, кыргызстандык жаран кызматкерге алтын куймалары менен пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалды. 2026-жылдын 23-февралында ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн УКМКнын кызматкерине жалпы салмагы 200 грамм болгон 2 даана өлчөмдүү алтын куйманы пара катары берип жаткан жеринен 1978-жылы туулган "

Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясы жыл ичиндеги иш-чараларды алып барууга 1,5 млн сомго тендер жарыялады

Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы  2026-жыл ичинде иш-чараларды алып баруучулардын кызматын сатып алуу боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 1,5 млн сом жумшоо пландалууда. Техникалык тапшырмага ылайык, 2026-жылы өтө турган төмөнкү маданий иш-чараларда алып баруучулардын кызматы талап кылынат: * Кыргыз Республикасынын Туу күнү (3-март); * Нооруз майрамы

Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана баасы жарандарга ачык, жеткиликтүү болот

Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана баасы жарандарга ачык, жеткиликтүү болот

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду. Документ медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү алардын сапаты жана көрсөтүү шарттары тууралуу толук маалымат берүүгө милдеттендирет. Мыйзамга киргизилген түзөтүүлөрдөн кийин камсыздандырылган кыргызстандыктар медициналык кызматтардын түрлөрү, сапаты жана баасы жөнүндө ишенимдүү маалымат алууга укук алышты. Клиникалар камсыздандырылган

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Эни өлкөнүн Башкы ракеталык башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындаганын The Chosun Daily басылмасы жогорку кызматтагы аткаминерге таянып жазганын "Азаттык" жарыялады. 2023-жылдан бери бул кызматты мурда Улуттук коргонуу академиясын жетектеген Чан Чхан Ха аркалаганы расмий айтылып келген.   The Korea Timefuf басылмасы