Текебаев: Жапаров менен Ташиев саясатчыларды коркутуп-үркүттү
«Ата Мекен» партиясынын лидери, депутаттыкка талапкер Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча «Бул шайлоонун негизги кемчилиги – президент баш болгон бийлик менен УКМКнын саясатына макул болбогондорду коркутуп-үркүтүү болду», – деп билдиргенин Kloop.kg кабарлады.
Анын айтымында, жеке адамдардын атын айтып, шайлоодон кийин камаласыңар дегенге чейин коркутуп-үркүткөн учурлар болгон.
«Мыйзам бузуу элементтери партиялык тизмени түзүү стадиясында эле башталып, талапкерлер «жашыл партиялардын» ордуна «кызыл партияларга» өткөндө да коркутуп-үркүтүүлөр болгон», – деп түшүндүрдү ал.
Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат. Мындан бир жыл мурун, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн шайлоо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишине жана Садыр Жапаровдун бийликке келишине алып келген массалык нааразылык акцияларынан улам өтпөй калган.
Жогорку Кеңештин жаңы курамында 120 эмес, 90 депутат болот. Бүгүн катышып жаткандардын ичинен 54 талапкер депутат болуп келет жана ар бир округдан 36дан депутат шайланат. Шайлоо жарышына 21 партия жана 282 бир мандаттуу талапкер катышууда.