Мамфинкөзөмөлгө каржы рыногунун келечектеги мегарегуляторунун моделин тандоо тапшырылды
Мамфинкөзөмөлгө Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык топтун алкагында каржы рыногунун келечектеги мегарегулятору үчүн моделди тандап алуу тапшырылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин коллегиясынын жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду.
Мамфинкөзөмөлдөн билдиргендей, баалуу кагаздар инвесторлордун кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү болуусу үчүн бул мекемеге еврооблигациялар менен иштөөгө жана акцияларын фондулук рынокто (IPO) жайгаштырууга мамлекеттик ишканалар менен кызматташууга ар тараптан көмөк көрсөтүү тапшырылды.
Economist.kg мурда кабарлагандай, «Газпромбанк» Кыргызстанга чет элдик валютадагы еврооблигацияларды жана рубль менен облигацияларды чыгарууга жардам берет. Финансы министрлиги компания менен кызматташуу боюнча тиешелүү меморандумга кол койгон.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга еврооблигациялар аркылуу 500 млн евро тартууну коздөп жатканын билдирген эле.