2021-жылы калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 7.5%га өскөн
Республикада калктын номиналдык акчалай кирешелери 2021-жылдын январь-сентябрында 397 млрд сомду түздү жана 2020- жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20%га көбөйдү.
Ошол эле учурда 2021-жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 355.2 млрд сомду түзгөн жана 2020- жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7.5%га өскөн.
2021-жылдын январь-сентябрында республика боюнча жалпысынан кирешелерди мүнөздөгөн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү эсепке албаганда, адам башына болгон колдогу акчалай киреше, айына 6 511.9 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18.5%га көбөйгөн.