Кыргызстан бир дагы минералдык жер семирткич өндүрбөйт, импортко көз карандыбыз – министр
Кыргызстан тилекке каршы, бир дагы кг минералдык жер семирткич өндүрбөйт, толугу менен импорттобуз. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн, 14-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Министр жер семирткичтердин негизги бөлүгү – 85-87% Өзбекстандан, ал эми фосфордук, аммофос, калийдик жер семирткичтер болсо Россиядан жана Казакстандан келээрин айтты.
«Кыргызстан тилекке каршы, бир дагы кг минералдык жер семирткич өндүрбөйт, толугу менен импорттобуз. Азыр 17 компания минералдык жер семирткичтерди алып келүү боюнча иш алып барышат», – деди министр.
Депутаттар жер семирткич алып келген жеке компаниялар менен мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүп, алардын баасын арзандатуу мүмкүнчүлүгү тууралуу сурашып, дыйкандар азыр алардын баасы боюнча кооптонуп турушканын айтышты.
«Жер семирткичке 997 млн сом акча бөлүндү. Жер семирткич алып келүүгө оператор болуп ӨКМнын астындагы материалдык резервдер фонду такталды. Жакынкы арада барып, келишимге кол коюп, жер семирткичти алып келип, дыйкандарга түз сатабыз деп жатабыз. Бул базардагы бааны төмөндөткөнгө жардам берет», – деди Жаныбеков.
Белгилей кетсек, жыйында Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309-токтому боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн түшкөн кайрылуулар тууралуу маселелер каралууда.