Кыргызстан мамлекеттик карыздарынын эң көбүн 2024-2026-жылдары төлөйт
Мамлекеттик карыздардын эң чоң үлүшүн төлөө 2024-2026-жылдарга туура келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каржы министрлигинин коллегиясында билдирди.
Анын айтымында, буга байланыштуу экономиканын өсүү темпин тездетүү керек.
«Көмүскөдөгү экономиканы түп-тамырынан бери жоюу, мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү 50 млрд сомго чейин көбөйтүү жана ИДПнын көлөмүн адам башына жогорулатуу зарыл», – деди ал.
Ошондой эле Жапаров карыздар доллар менен төлөнө тургандыгын, бирок анын курсу кандай болору азырынча белгисиз экендигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча КРнын мамлекеттик карызынын көлөмү (тышкы+ички) 4 млрд 954.11 млн долларды түзгөн.