Май айында Бишкекте алгачкы Евразия экономикалык форуму өтөт

Май айында Бишкекте алгачкы Евразия экономикалык форуму өтөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын министри, Россия илимдер академиясынын академиги Сергей Глазьев менен жолугушканын кабинеттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарында өтүүчү Евразия экономикалык форумун уюштуруу маселелерин талкуулаганын кабинеттен билдиришти. 

Кожошев Евразия экономикалык форумунун күн тартибине киргизүү боюнча КРнын сунуштарын айтып, ошондой эле бул иш-чара кандай уюштурулушу керектиги боюнча өзүнүн көз карашын билдирди.

Өз кезегинде, Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси катары бул сунуштарды кароого даяр экендигин ырастап, форум алгач ирет өтүп жаткандыгын жана аны тийиштүү деңгээлде өткөрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушун баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим берүүчү жай заманбап үлгүдөгү 3 кабаттуу, 5 блоктон турган имарат болуп курулат. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган. Курулуш иштерин Турак

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында экинчи орунду алышты

Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатында экинчи орунду алышты

Кросс боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында экинчи орунду алышты. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 21-февралда жеңил атлетика боюнча КРнын улуттук курама командасы кросс боюнча 18th Asian Athletics Cross Country Championships Fukuoka 2026 аталышындагы мелдешке катышып, күмүш медаль багындырышкан. Мелдеш Япониянын Фукуока шаарында өткөн. Курама командада жөө

Быйыл Ош шаарында 20 миңге жакын көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарында 20 миңге жакын көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарына 20 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн мэр Жанарбек Акаевдин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын иши менен таанышуусу учурунда белгилүү болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү негизги приоритеттүү пландарынын бири экендигин айтып, быйыл шаарды көрктөндүрүү аракеттерине өзгөчө көңүл

Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык камсыздоо мыйзамдарын жактырды

Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык камсыздоо мыйзамдарын жактырды

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети "Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинети. Жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция