Жакында айыл чарба азыктарын сатып ала турган мамлекеттик мекеме түзүлөт
Мамлекет элдер өндүргөн продукцияны сатып ала турган мекеме түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев бүгүн, 14-февралда «Биринчи Радиого» берген маегинде айтты.
Анын айтымында, Өзбекстан Кыргызстандан эт менен картошканы чексиз көлөмдө алууга даяр, бирок андай көлөм чыгарууга республика даяр эмес.
«Бизде эт мыкты деп айта беребиз. Бирок чоң көлөмдө жок. Ошондуктан элдердин айыл чарбасында өндүргөн азыктарын сатып ала турган мекеме түзөбүз. Бирок ал өндүрүлгөн азык биздин талапка ылайык болуш керек. Себеби, Өзбекстандын да койгон талаптары бар. Алар канча өндүрсөңөр, ошончо сатып алабыз деген убадасын беришти», – деди Кожошев.
Кожошев ошондой эле баалар Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзү боюнча өсүп баратканын, өлкө саясий турбуленттик мезгилден өткөнүн жана учурда экономиканы тез арада көтөрүү керектигин кошумчалады.