Баткен облусунун 35 айылын таза суу менен камсыз кылууга Дүйнөлүк банк 100 млн доллар берет

Баткен облусунун 35 айылын таза суу менен камсыз кылууга Дүйнөлүк банк 100 млн доллар берет

Дүйнөлүк банк Баткендин 35 айылына жана Ысык-Көл облусунун 3 айылына ичүүчү суу түтүктөрүн курууга жана оңдоого 100 млн доллар бөлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, бул каражат Карадарыя-Сырдарыя-Амудария бассейнинин үч ирригациялык жана дренаждык тутумун реабилитациялоого (Ош, Баткен облустары жана Жалал-Абад облусунун бир бөлүгү) жумшалат.

КРнын тиешелүү органдарынын өкүлдөрү жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү долбоордун документтерин карап чыгышты жана Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Климатка туруктуу суу ресурстарын башкаруу кызматтарын жакшыртуу» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн макулдашылган протоколуна кол коюшту.

Тараптар 20-июнга чейин каржылык келишимдерге кол коюуну макулдашышты.

Долбоордун жалпы баасы 100 млн долларды түзүп, анын 50 млн доллары грант, 50 млн доллары насыя түрүндө берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи