Кыргызстан Германияга болгон тышкы карызын 15 млн еврого кыскартууну көздөөдө
Кыргызстан Германияга болгон тышкы карызын кыскартууну көздөөдө. Бул тууралуу КРнын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен болгон жолугушуусунда айтылганын элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда кыргыз-герман кызматташтыгын жигердетүү, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык жааттардагы маселелер талкууланган.
Ошондой эле жаңыдан түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкелер Кеңешинин биринчи отурумун жана 2022-жылдын июнь айында Бишкекте боло турган кыргыз-герман бизнес-форумун өткөрүү сүйлөшүлгөн.
«Ошону менен бирге, Кыргызстандын Германияга болгон тышкы карызын кыскартуу максатында, карыздын 14.9 млн евро көлөмүндөгү каражатты герман тарапка кайрып бербестен, Кыргызстандын социалдык-экономикалык тармактардагы долбоорлоруна колдонуу маселеси герман тарап менен талкууланып жатканы баяндалды», – деп айтылат билдирүүдө.
Андан тышкары, Европа Бирикмесинин жалпы артыкчылык системасын (ВСП+) кыргызстандын ишкерлери толук кандуу колдоно албай жатканын баса белгиленип, герман инвестицияларын Кыргызстанда тиешелүү лаборатория курууга тартуу маселеси Элчи Өмүрбек Текебаев тарабынан демилгеленди.


