Бийлик бюджетти колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алат

Бийлик бюджетти колдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алат

Финансы министри Алмаз Бакетаев март айында Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) директорлор кеңешинин аткаруучу директору Ариф Бахарудин менен жолугушканын министрликтин маалымат кызматы кабарлаган болчу.

Маалым болгондой, тараптар 2022-2024-жылдарга пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн АӨБ тарабынан жардам алуу маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле АӨБ каржылай турган артыкчылыктуу долбоорлор белгиленип, анын ичинде 2022-жылы Экономиканы диверсификациялоо программасын ишке ашыруунун алкагында 50 млн доллар өлчөмүндө жардам алуу каралган.

Аны менен бирге электр унааларын жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча долбоорлорду ишке киргизүү жана ага эксперттерди тартуу талкууланган.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүү жана алдыдагы эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи