Дыйкандарга 300 миң сомго чейин күрөөсүз шартта насыялар берилет

Дыйкандарга 300 миң сомго чейин күрөөсүз шартта насыялар берилет

Бул жылы дыйкандар күрөөсүз шартта 300 миң сомго чейин насыя ала алышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы жана транспорт-логистика тармагында иштеген ишкерлер менен жолугушуу учурунда айтылды.

Жолугушууда тараптар айыл чарбасындагы учурдагы абалды жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн экспорттук мүмкүндүктөрүн талкуулашты.

Буга чейин долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлиги тарабынан «Айыл Банк» ААКты капиталдаштырууга – 5.5 млрд сом жана «РСК банкка» 4.5 млрд сом бөлүнгөн.

Бул каражаттардын эсебинен фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга: 36 айга чейин (күрөөсүз шартта) – 300 миң сомго чейин жана 36 айга чейин (күрөө менен камсыздоо шартында) 500 миң сомго чейин кредиттер берилет.

Жылдык жүгүртүүсү 1 млн сомдон ашкан фермердик чарбаларга жылдык 6% менен 36 айга чейин 5 млн сомго чейинки кредит берилиши мүмкүн.

Кластердин агрегаторлору (тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай ишканалары жана соода-логистикалык борборлор), үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалар жана мөмө-жемиш питомниктери, ошондой эле жаңыдан түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканаларынын бардык кластерлери үчүн 60 айга чейин төлөө мөөнөтү менен 150 млн сомго чейинки кредиттер берилет. 

Бул каражаттар күрөө менен камсыздоого негизги каражаттарды жана жүгүртүү каражаттарын сатып алууга жумшалышы мүмкүн. Айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 10%дан кем эмес жана айыл чарба жабдууларын лизингге берүү үчүн 30%дан кем эмес баштапкы төлөм шарты менен 60 айга чейинки мөөнөткө кредит берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ачуу пландалууда

Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25%га жеткирүүнү жана жүздөгөн жаңы ишканаларды ишке киргизүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда билдирди. Касымалиевдин маалыматына ылайык, учурда кайра иштетүүнүн үлүшү 7%ды гана түзөт. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи