IT тармагындагы адистерге вакансиялар 94%га өстү – HeadHunter

IT тармагындагы адистерге вакансиялар  94%га өстү – HeadHunter

IT чөйрөсүндөгү сунуштар бир жыл ичинде 17%га, ал эми вакансиялар 94%га өстү. Мындай көрсөткүчтү HeadHunter (headhunter.kg) сайтта жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген вакансияларга жүргүзүлгөн анализинин негизинде билдирди.

Кыргызстанда IT адистерине суроо-талап күч алууда. HeadHunter берген маалыматка ылайык, бул тармакта 2021-жылы вакансиялардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 94%га өскөн.

Эң көп талап кылынган адистиктер программалоо жана иштеп чыгуу (54%), инженерия (23%), системалык башкаруу (20%), веб-мастерлер (17%) жана веб-инженерия (15%) болгон.

Сунушталган айлык маяналардын да суммасы өскөн (өткөн жылга салыштырмалуу + 17%). 2022-жылдын март айына карата IT адистерине сунушталган эмгек акы орточо эсеп менен 45 миң сом болууда. Эмгек акылардын өтө жогорку темп менен өсүп жатканы (өткөн жылга салыштырмалуу + 75%) да байкалууда.

«Адистер да квалификациялуу адистер суроо-талапка ээ экенин сезип, айлык акынын диапазонун өздөрү белгилешүүдө. Алдыда иш берүүчүлөр өз компаниясына мыкты IT адистерин алуу үчүн, эмгек акынын чегин жогорулатышы керек болот», – дейт HeadHunter.

Кошумча окуңуз: Кыргызстандагы 2021-жылдын топ-10 популярдуу кесиби – HeadHunter

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик