Кыргызстанда доллар көтөрүлө баштады – банктар 90 сомдон сатышууда
Кыргызстанда доллардын курсу көтөрүлө баштады. Саат 14:15ке карата банктар жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны орточо 88.3 сомдон сатып алып, 89.9 сомдон сатышууда.
Эске салсак, кечээ эле 85 сомдон сатылып алынып, 87 сомдон сатылып жаткан эле. Ал эми valuta.kg порталы берген маалыматка таянсак, 1 доллардын сатуу наркы учурда 89.9 сомду түзүүдө. Ошол эле кезде комбанктар 1 долларды 90 сомдон сатышууда.
Улуттук банктын 5-апрелге карата расмий курсу 85.77 сомду (+5.2%) түзүүдө.
