Нурил Алымбаев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Нурил Алымбаев КРнын президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нурил Алымбаевди Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жамаатына тааныштырды.
«Жарандардын ар бир кайрылуусу көңүл сыртында калбашы керек. Кандай гана маселе болбосун бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, ыкчам жана так чечилиши тийиш. Чүй облусунун жетекчилиги жер ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, токтоп турган өндүрүш ишканаларынын ишин жандандыруу, облуста 18 кичи ГЭСти куруу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл», – деди Акылбек Жапаров.
Эскерте кетсек, буга чейинки өкүл Эркин Тентишев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.
Кошумча окуңуз: Авиакомпания, эки учак – президенттин жаңы кеңешчисинин кандай бизнестери бар?