«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин уставдык капиталы 800 млн сомго көбөйтүлдү
«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин уставдык капиталы дагы 800 млн сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) маалыматы тастыктайт.
Өткөн соода жумасында улуттук холдинг 100 сомдук номиналдык баада 2-чыгарылыштагы акцияларын жайгаштырган. Аны баалуу кагаздардын биринчи жана жалгыз акционери болгон, холдингдин уставдык капиталын жыл аягына чейин 1 млрд сомго чейин көтөрүүгө милдеттендирилген Финансы министрлиги сатып алган.
Бул бүтүм КФБ боюнча жалпы соода көлөмүнүн дээрлик 61%ын ээлеп, жуманын эң ири соодасы болду.