«Айыл Банктын» башкармалыгына үч жаңы мүчө шайланды
«Айыл Банктын» башкармалыгынын курамына үч жаңы мүчө шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Белгиленгендей, директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасынын орун басары Б.Р. Асанбаевдин жана Ч.К. Сатылганованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
Анын ордуна директорлор кеңешине төмөндөгү талапкерлер шайланышты:
- Норузбаев Жанар Жолдошбекович
- Эржанов Максат Советбекович
- Турбатова Диана Радмировна.
Ошондой эле буга чейин аталган банктын акционерлеринин жылдык жалпы жыйынында директорлор кеңешинин төрагасы Малабек Токтоболотовдун жана директорлор кеңешинин мүчөсү Адилет Жакыбалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, кеңешке Назгүл Алакова менен Нурай Марс шайланганы маалым болгон эле.