Депутат башка алтын кендер менен келишимдерди карап чыгып, мамлекеттин 30%дык үлүшүн киргизүүнү сунуштады

Депутат башка алтын кендер менен келишимдерди карап чыгып, мамлекеттин 30%дык үлүшүн киргизүүнү сунуштады

Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында КРгы алтын кендердин лицензияларын жана келишимдерди карап чыгууну сунуштады.

Эл өкүлү «Каз Минералз Бозымчак» (Бозымчак), «Вертекс Голд Компани» (Жамгыр), «Чаарат Заав» (Чаарат), «Кичи Чаарат» (Куру-Тегерек), «Чаарат Түлкү Баш», «Иштамберди», «Куран Жайлоо»  сыяктуу алтын кендери менен сөзсүз түрдө келишимдерди кайра карап чыгуу керектигин айтты.

«Аларга мамлекеттин 30%дан кем эмес үлүшүн киргизишибиз керек. Мыйзам артка күчү жок деп эле отура беребизби. Биздин элдин байлыгын сыртка тоноп-ташып чыгып кетише береби? Ушул маселени чечүүгө бел байлашыбыз керек», – деди Токторбаев.

Депутат аталган компаниялардын баарына өзүнүн атынан суроо жөнөткөнүн, кийинки жыйындарда анын жыйынтыгын айтаарын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик