Эми Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда Соцфонддун кызматтарын пайдаланса болот

Эми Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда Соцфонддун кызматтарын пайдаланса болот

Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) Соцфонддун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы КТБнын базасында мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча кызмат көрсөтүү иштери башталды.

Бишкек шаарындагы Биринчи Май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондук КТБ пенсияны дайындоо же кайра эсептөө жөнүндө арыздарды кабыл алуу, пенсияны төлөө мөөнөтүн узартуу, пенсияларды төлөө каналын өзгөртүү, сөөк коюуга жөлөкпул алуу, ошондой эле пенсионерлерге пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат жана камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебинен (ӨКЭ) көчүрмөсүн берүү каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик