Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилген, анын бирөөсү гана мамлекетке таандык – депутат

Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилген, анын бирөөсү гана мамлекетке таандык – депутат

Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилгенин, бирок анын бирөө гана мамлекетке таандык экенин билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, 2022-жылга карата Кыргызстанда 6.5 млрд тонна көмүрдүн запасы бар. Алардын ичинен 5.2 млрд тоннасы Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шурап, Алмалык жана Кавак көмүр кендеринде жатат. 1 млрд тоннадан ашыгыраагы Өзгөн бассейнинде, ошондой эле Көк-Жаңгак, Тегине, Таш-Көмүрдө.

2021-жылы республика боюнча 3 млн тоннага жакын көмүр казылып алынып, анын ичинен 1 млн тоннадан ашыгы сыртка экспорттолгон. Ошондой эле көмүр казып алуучу ишканалар бюджетке болгону 600 млн сом чегеришкен.

Токторбаев 2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилдеринде Бишкек ЖЭБге 650 миң тонна көмүр башка мамлекеттен, Казакстандан импорттолгонун айтты.

«Анын тоннасын 4 миң сомдон сатып алганбыз. Жалпы 2.6 млрд сомду түзөт, бул 30 млн доллардын тегерегинде болот. Эгерде Бишкек ЖЭБди көмүр менен өзүбүз камсыз кылсак, 30 млн долларга 2 чоң экскаватор 650 даана жүк ташуучу машина сатып алсак болчудай», – деди ал.

Ошондой эле депутат Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилгенин билдирди.

«Анын ичинен 219 ишкана казуу иштерин баштаган. 219 ишканадан 1 гана ишкана мамлекетке таандык экен. Бул «Кыргызкөмүр» ишканасы болуп эсептелет. 99% лицензиялар жеке ишкерлерге таандык. Андыктан бюджеттик мекемелер кышта көмүр менен камсыздоодо жеке ишкерлерге көз каранды», – деди ал.

Токторбаев аталган тармакка тийиштүү саясат жүргүзүлбөй жатканын кошумчалап, бир катар мисалдарды келтирди.

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик