Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирет
«Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын өкүлү Айзада Мамбеткул кызы Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирерин Sputnik радиосуна курган маегинде билдирди.
Ал билдиргендей, «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасын түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы толук каржылап, жалпы 230 млн доллар инвестиция салган.
«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы 2015-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, 2018-жылдан тарта курулуш иштерин жүргүзүп келди. Ушул жылдын май айында алтын кен ишканасы ишин баштоо алдында турат», – деди ал.
Эскерте кетсек, Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы – биргелешкен ишкана, капиталынын 25%ы – «Кыргызалтын» ААКсына, 75%ы «Эти Бакыр» түркиялык Cengiz Holding конгломератына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.