Улуттук банк комбанктарга геосаясий кырдаалды эске алуу менен иш жүргүзүүнү сунуштады

Улуттук банк комбанктарга геосаясий кырдаалды эске алуу менен иш жүргүзүүнү сунуштады

Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарларды тейлөөдө коопсуз банк ишин жүргүзүүдө жалпы эрежелерди, ошондой эле учурдагы экономикалык жана геосаясий жагдайды эске алуу менен иш алпарууну сунуштады. Бул тууралуу регулятордун билдирүүсүндө айтылат.  

Мындай билдирүүсүн Улуттук банк кечээ, 6-апрелде ЖМКларда «Кыргызстан» коммерциялык банкынын Россиядагы «ишмердүүлүгү» тууралуу маалыматтар тарагандан кийин жарыялады. Маалыматта «Кыргызстан» коммерциялык банкы россиялык жарандарга өлкөдөн чыкпай туруп, чет өлкөдө иштей турган Visa карталарын бере турганын жарыялаганын, жекелештирилген «алтын картаны» банктын Москвадагы кеңсесинен 17.5 миң рублга алууга мүмкүн экенин жана бул өз кезегинде санкцияга кабылуу коркунучун жаратаарын «Коммерсантъ» гезити жазып чыгып, кийин бул кабар жергиликтүү ЖМКда тараган.

Ага байланыштуу Улуттук банк КРнын мыйзамдары жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен өлкөдө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун бирдиктүү тартиби, анын ичинде КРнын жарандары, ошондой эле чет өлкө жарандары үчүн да эсеп ачуу, банктык төлөм карттарды алуу тартиби аныкталгандыгын маалымдады.  

«Мында коммерциялык банктар кардарларды тейлөөгө кабыл алганга чейин кардарды өлкөлүк тобокелдиктерди кошо алганда, КРнын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарына ылайык текшерүү чараларын жүргүзүүгө тийиш.

Кардарларды тейлөөдө коопсуз банк ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерин жана учурдагы экономикалык жана геосаясий жагдайды эске алуу менен кардарларды КРнын мыйзам талаптарына ылайык текшерүү боюнча ички контролдоону күчөтүү зарыл», – деп айтылат билдирүүдө.  

Улуттук банк бардык маселелер боюнча, анын ичинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланышкан суроолор боюнча байланыш каналдары аркылуу түздөн-түз коммерциялык банктарга кайрылууну жана маалыматты тиешелүү деңгээлде текшерүүнү сунуштайт.  

Мындан тышкары окуңуз

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдарды байланыштырган маанилүү жолдордун бири болгон Барскоон–Тамга жолунун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 15 чакырымды түзөт. Учурда 6–9-чакырым аралыгында жер жумуштары жүргүзүлүп, жол кеңейтүү жана өсүмдүк катмарын алуу

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

“Ак-Босого” конушунда суу берүү убактылуу токтотулат

24-февралда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин “Ак-Босого” конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу берүү “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

2030-жылга чейин айыл чарба өндүрүшү 30%га көбөйтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда сүйлөп жатып, айыл чарба тармагында өндүрүш жана экспорт көрсөткүчтөрү өскөнүн билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, өткөн жылы айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 459,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көбөйгөн. Өсүү темпи

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Кыргызстанда президентке баш ийген Тергөө комитети түзүлөт

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча кеңири өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирип, жаңы Тергөө комитети түзүлөрүн айтты. Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, жаңы түзүмгө бардык тергөө иштери өткөрүлүп берилет. Ал эми Башкы прокуратура жана Аскер прокуратурасы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясын сактап калат. Президент учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик