Бүгүн кыргыз-казак чек арасы ачылды, жүргүнчүлөр өтө башташты
Бүгүн, 11-апрелден тартып кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөр жоюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-апрелге караган түнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстандын жарандары мамлекеттик чек арадан «Ак-Жол унаа жолу» бекети аркылуу өтө башташты.
Ошондой эле кыргызстандыктар «Чалдыбар унаа жолу», «Ак-Жол унаа жолу», «Кең-Булуң унаа жолу» жана «Токмок унаа жолу» бекеттери аркылуу өтө алат.
Бош унаалар чек арада жайгашкан «Кең-Булуң унаа жолу» бекетинен өтө алышат.
Белгилей кетсек, чек арадан өткөн КР жана чет элдик жарандардын жанында акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган ПЧР тесттин маалымкаты же болбосо COVID-19га каршы эмдөөнүн паспорту болушу керек.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кошумчалагандай, Казакстандын көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары Россиянын элчилигинен кирүү маселеси боюнча маалыматты тактоосу керек.