Башкортостан Кыргызстандын текстиль өнөр жайына кызыкдар
Башкортостандан келген делегация КРдан кездемелерди жана атайын тигилген кийимдерди алып кетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Орус-кыргыз өнүктүрүү (ОКӨФ) фондунун маалымат кызматы билдирди.
Фонддун жетекчилиги бүгүн, 11-апрелде Башкортостандан келген делегация менен жолугушту. Делегациянын курамында химия, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жай жана курулуш тармактарынан 10 ишкананын өкүлдөрү келишкен.
Башкортостандан келгендер КРдан кездемелерди жана атайын кийимдерге кызыкдарлыгын билдиришкен. ОКӨФ өз кезегинде текстиль өндүрүшү жана атайын кийимдерди тигүү боюнча өзүнүн долбоорлорун сунуштаган. Тараптар текстиль тармагында иштешүүнү ошондой эле логистикалык борборлорду жана россиялык компаниялар үчүн жергиликтүү кампаларды пайдалануу боюнча кызматташууну макулдашышты.
