Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар берет
Жогорку Кеӊеште депутаттар Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы «Баткен облусунун экономикалык аймактарын өнүктүрүүнүн экинчи долбоору» боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун карашты.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк тарабынан 50 млн доллар бөлүнүп жатканын билдирди.
«Каражаттын жарымы грант түрүндө берилсе, калган жарымы 0.75% менен 38 жылдык мөөнөткө, 6 жылдык жеңилдетилген насыя болуп саналат», – деди ал.
Ал экинчи региондук экономиканы өнүктүрүү долбоору коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан 2027-жылга чейин алты жылда ишке ашырылаарын кошумчалады.
Ошондой эле министрдин орун басары долбоор инфраструктураны жана калкты тейлөөнү жакшыртууга, атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу аркылуу кирешени көбөйтүүгө, ошондой эле кичи жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.