Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизди

Казакстан буудай менен унду экспорттоого чектөө киргизди

Казакстан өлкөдөн буудай жана унду экспорттоого чектөө киргизди, тагыраак айтсак, бул азыктарга экспорттук квоталар киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министринин биринчи вице-министри Айдарбек Сапаров билдиргенин Vlast.kz. маалымдады.

Анын айтымында, 15-апрелден 15-июнга чейин буудай жана унду экспорттоого квота киргизүү чечими кабыл алынган. Буудайга берилген квотанын көлөмү 1 млн тонна, унга 300 миң тоннаны түзөт.

Казакстандын бийлиги ички рынокто азык-түлүк тартыштыгынын алдын алуу үчүн квота киргизип жатканын айтып, өлкөдө жылына 3 млн тоннага жакын ун өндүрүлүп, бирок анын жарымы экспортко чыгарыларын эске салды.

Эске салсак, Кыргызстан буудайдын 57%ын Россиядан, 40%ын Казакстандан ташып келет.

Кошумча окуңуз: Кыргызстандагы дандын запасы 6 айга, Казакстандыкы 2 жылга жетет

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы 2025-жылы 3,7 млрд сомдук жасалма ЭЭФ алдамчылыгы болгонун билдирди

Салык кызматы 2025-жылы 3,7 млрд сомдук жасалма ЭЭФ алдамчылыгы болгонун билдирди

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар боюнча көзөмөлдү күчөтүп, жасалма документ жүгүртүүнүн ири схемаларын аныктады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кызмат чыныгы чарбалык операцияларсыз ЭЭФ (электрондук эсеп фактура) тариздеген дээрлик 270 жеке ишкер менен уюмдун тиешеси бар экенин аныктады. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бюджетке айып пулдар менен туумдарды кошкондо 3,7 млрд сомдон ашык кошумча

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды

УКМК саламаттык сактоо министринин орун басары С.Р. С. мыйзамга каршы аракеттерге шектелип кармалганы тууралуу маалымат мекеменин социалдык тармактардагы баракчаларына 20-февралдын кечинде жарыяланды. Мекеменин билдирүүсүндөгү инициалдар саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеп келген Сыдыгалиев Рыспек Сулкайдаровичтин аты-жөнүнө туура келет. Коопсуздук комитети тараткан маалыматка караганда, министрдин орун басары 2022–2023-жылдары

"Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсынын капитализациясы 3,5 млрд сомго өстү

"Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсынын капитализациясы 3,5 млрд сомго өстү

2026-жылдын 20-февралында Кыргыз фондулук биржасында (КФБ) соода көлөмү кескин өсүп, 3,5 млрд сомго жетти. Бул көрсөткүчкө негизинен "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсынын акцияларын жайгаштыруу таасир этти. Негизги бүтүм Баштапкы рынокто "Мамлекеттик финансылык холдингдин" жөнөкөй акцияларын жайгаштыруу боюнча жалгыз бүтүм 3,5 млрд сомго бааланды. Бул операция

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык