58 жашта аялдар жаш бойдон. Соцфонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка чейин жогорулатууну сунуштады
Бүгүн, 11-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо боюнча парламенттик угууда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева аялдардын пенсия курагын 60 жашка чейин жогорулатуу боюнча Соцфонддун сунушун киргизди.
Анын айтымында, өлкөдө пенсионерлердин 70% аялдар жана алардын жашоо узактагы эркектерге караганда жогору.
«Улуттук статистика комитети жыл сайын жашоо узактыгы 3.5-4 айга өсүп жатканын билдирүүдө. Ага ылайык, азыр аялдардын өмүрүнүн узактыгы орточо 76 жашты, ал эми эркектердики 68 жашты түзүүдө.
Биз азырынча пенсия курагын теңдөө тууралуу сөз кылган жокпуз, аялдардын пенсия курагын 58ден 60ка чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Чындыгында мамлекеттик кызматта 58 жаштан эч кимдин пенсияга кеткиси келбейт. Аялдар 58 жашта дагы эле жаш бойдон», – деди Жуматаева.
Ал эми Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова электр энергиясы үчүн компенсация төлөө ченемин жаңы пенсия чектөөдө жоюу сунушу катаал кадам экенин белгиледи.
«Муну менен катар иштеп жаткан пенсионерлерге пенсиянын базалык бөлүгүн бербөөнү сунуштап жатасыңар. Бул туура эмес. Аларды конституциялык укугунан чектөөгө кандай акыңар бар. Андыктан ар бир сунушту негиздеп бергиле», – деди ал.
Ошондой эле депутат Камила Талиева реформаны ишке ашырууда аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу зарылчылыгын белгилеп, буга чейин да ар кандай демилгелер көтөрүлгөн менен каржынын жоктугунан ишке ашпай калганын эске салды.
Андан тышкары, Кыргызстан пенсионерлер партиясынын төрайымы Замира Шабданалиева пенсиялык саясат боюнча жарандарга маалымат жетишсиз экенин белгилеп, бардык айыл-шаарларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгына токтолду.