АӨБ Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтөт
Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-апрелде, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Чэнь Шисинди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы долбоордук-программалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Мамлекет башчысы АӨБ менен жашыл экономика, энергетика, транспорт, айыл чарба жана суу ресурстарын башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү жаатында динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташтыкка канааттангандыгын жана бул 2050-жылга чейин өлкөгө көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүсүнө жардам берерин билдирди.
Мындан тышкары, улуттук экономиканын эң аялуу тармактарында антикризистик чараларды ишке ашыруу максатында президент Финансы министрлигине АӨБдин турукташтыруу фондунан кошумча жардам тартуу маселесин карап чыгууну тапшырды.
Өз кезегинде АӨБ вице-президенти Чэнь Шисинь Кыргызстан АӨБ үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтып, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү Улуттук программасын ишке ашырууга колдоо көрсөтүү ниетин ырастады.
АӨБ вице-президенти ошондой эле ковидден кийинки калыбына келтирүүнү камсыздоого, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган олуттуу социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча Мамлекет башчысынын аракеттерин кубаттады.