«Альянс Алтын» Кыргызстанга 35 марал сатып алууну каржылайт
«Альянс Алтын» ЖЧКнын алдындагы «Бакубат Талас» фонду 35 марал сатып алууну каржылайт. Бул үчүн компания 2.5 млн сом бөлгөн.
Маралдарды Алтай (РФ) Республикасынан алып келип, тоодогу жапайы жаратылышка коё беришет. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул жаныбардын санынын азайганы байкалган, аны көбөйтүүгө эми Алтайдан келген маралдар жардам берет.
«Альянс Алтын» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоого аяр мамиле кылат жана маралдарды сатып алуу компаниянын бул багыттагы иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.
Демилге КР президентинин «2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу, ошондой эле Талас облусу боюнча департаменттин долбоорун колдоо максатында ишке ашырылууда.