Энергетика тармагында иштегендердин айлыгы 25%га көтөрүлөт жана эч ким иштен айдалбайт
Кыргызстандын энергокомпанияларынын бириктирилгендигинен улам энергетика тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы 25%га көтөрүлөт. Ошол эле учурда кызматкерлерди кыскартуу күтүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Министрлик кызматкерлердин эмгек акысын 25%га көтөрүү – тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалардын башталышы болгонун белгиледи.
Кыргызстанда энергетикалык компаниялар эки чоң компанияга бириктирилет. Реформанын башынан аягына чейин «Улуттук энергохолдинг» иштей берет.
Кошумчалай кетсек, компаниялар бириккени менен бир дагы кызматкер жумушсуз калбайт. Ишканаларды реформалоо 1 млрд сомго чейин үнөмдөөгө жардам берет. Быйыл электр энергиясына болгон тариф саясаты өзгөрбөй турганын да Энергетика министрлиги кошумчалады.