«Кыргыз Темир жолу» ишканасынын директору 1.5 млрд сом киреше кайдан түшкөнүн айтты
Бүгүн, 12-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Темир жолу» МИнин директору Азамат Сакиев өткөн жылда алынган 1.5 млрд сом киршененин кайдан түшкөнүн ачыктады.
Жыйында депутат Улугбек Ормонов пандемиянын таасири кете электе, чектөөлөр толугу менен алынбай турган кезде ишкана 2021-жылы кандай ыкма менен мындай киреше тапканына кызыкты.
Сакиев бул каражат негизинен жүк ташуудан түшкөнүн айтып, жүргүнчүлөрдү ташууда ишкана тескерисинче чыгымга учурай тургандыгын билдирди.
«Ачыгын айтканда, негизги киреше жүк акысынан түшкөн. Жыл сайын 300-400 млн сом жүргүнчүлөрдү ташуудан чыгашага учурайбыз. Ковидге байланыштуу жүргүнчүлөрдү ташуу солгундай түшкөн, бул ишкананын ишмердигине оң таасирин тийгизди. Ал эми вагондордо жүк келет, алар декларация тапшырышат», – деген Сакиев бардык станцияларга коюлган ККМ адам факторун азайткандыктан, коррупциялык тобокелдиктер жоголо баштаганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Темир жолу» МИ 1.6 млрд сом киреше алганы маалым болгон эле.