Кыргызстанда долбоордун идеясынан тартып, продукцияны рынокко чыгарууга чейин колдоо көрсөткөн Евразиялык технопарк түзүлөт
«Кыргызстан Эл аралык университети» академиялык консорциумунун базасында «Ала-Тоо» Евразиялык технопаркын түзүү каралууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын алдындагы Илимий-техникалык кеңештин жыйынында айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешчиси-Атайын өкүлү – КРнын президентинин Аппаратынын жетекчиси Асылбек Айдаралиевдин айтымында, технопарк резидент-компанияларга долбоордун идеясынан тартып, продукцияны даярдап, рынокко чыгарууга чейин бардык этаптарда колдоо көрсөтөт.
Уюштуруучулар бул технопарк ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимпоздорунун жана ойлоп табуучуларынын инновацияларын жана илимий-техникалык жетишкендиктерин агроөнөр жай, рекреациялык жана спорттук, отун-энергетикалык тармактарда жана спутниктик технологияларда илгерилетүү жана ишке ашырууну камсыздай тургандыгын билдиришти.
Технопаркты Россиянын, Армениянын, Казакстандын, Беларустун жана Кыргызстандын иштеп жаткан технопарктары түзөт.
Бизнеске кооперативдик байланыштарды түзүүгө жардам берүү үчүн ЕЭКтин Интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев Кыргызстанда 26-27-майда өтө турган Евразиялык экономикалык форумдун алкагында конференция өткөрүүнү сунуштады.