Россиянын Украинага чабуулунан улам 2022-жылы КРнын экономикасынын начарлоосу болжолдонууда – Дүйнөлүк банк
Россиянын Украинага чабуулу Кыргызстан 2021-жылы ИДП 3.6%ды түзүп, COVID-19 пандемиясынан араң өзүнө келип жаткан экономикасына терс таасир этүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын отчетунда айтылат.
Белгиленгендей, учурда экономика 2022-жылы 5%га кыскарышы мүмкүн, ал эми инфляция 15%дан ашуусу ыктымал.
«Бул бюджеттик системага жана карызды башкарууга олуттуу көйгөй жаратат жана ошондой эле көбүрөөк адамдарды жакырчылыкка түртөт», – деп айтылат отчетто.
Дүйнөлүк банктын эксперттери күчтүү жана туруктуу өсүш жеке сектордун кеңейүүсүн, эл аралык сооданы жана жагымдуу макроэкономикалык шарттарды талап кыларын белгилешет.
«Бирок, ири инфраструктуралык ажырым, мыйзамдуулуктун жана башкаруунун алсыздыгы, начар бизнес чөйрөсү, түйшүктүү эрежелер жана энергетика тармагындагы туруксуз саясат өсүүгө тоскоол болууда», – деп айтылат маалыматта.
COVID-19 пандемиясы 2019-жылы 9.7%, 2020-жылы 16.2% жакырчылыктын өсүшүнө алып келген.
«2021-жылга карата баалай турган болсок, азык-түлүктүн кымбатташына жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнүн кыскарышынан улам, кырдаал дагы бир аз начарлайт деп болжолдонууда», – дейт Дүйнөлүк банк.