«Ысык-Көл» мейманканасынын карызын жабууга 42.5 млн сом бөлүнгөн
Жакында эле бузулган «Ысык-Көл» мейманканасынын карызын жабууга 42.5 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Белгиленгендей, бул каражат мейманкананын коммуналдык кызматтарга, соцфондго жана салык карыздарын жабууга жумшалат.
«Мага маалым болгондой, мейманкананын бүтпөй калган демонтажына 9 млн сом сарпталган. Белгисиз инвестордун эсебинен мейманкананын ордуна мамлекеттик органдар үчүн имарат курулат», – дейт депутат.
Белгилей кетсек, «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынган.
- «Ысык-Көл» мейманканасы 1984-жылы курулган жана 2007-жылдан тартып колдонулбай калган. Ал кезде толук реконструкция талап кылынган. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана катары иштетүү үчүн толук реконструкция кылуу максатында бир нече жыл бою көптөгөн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргөн.
Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров мейманкананы бузуу демилгесинин кайдан чыкканын жана кимдерге тиешелүү экендиги тууралуу божомолун айтып, ага учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешеси болушу мүмкүн деген пикирин билдирген болчу.