Байтиктеги керамикалык кирпич чыгаруучу заводго ОКӨФ 1.3 млн доллар насыя берди

Байтиктеги керамикалык кирпич чыгаруучу заводго ОКӨФ 1.3 млн доллар насыя берди

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Чүй районунун Байтик айылындагы «Байтик Курулуш» ЖЧКсынын керамикалык кирпич заводуна 1 млн 350 миң доллар насыя берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Фонддон билдиришкендей, алынган кредит заводдун кубаттуулугун жогорулатууга, ишканада кошумча меш куруп, керектүү атайын жабдууларды сатып алууга жумшалат.

«Байтик курулуш» ишканасы 2019-жылдын аягында ишке киргизилген. Учурда өндүрүштүн көлөмү суткасына 100 миң кирпичти түзөт. Заводдо жогорку технологиялык экологиялык таза жабдуулар орнотулуп, өндүрүш процесси автоматташтырылган. 2021-жылдын июль айында бул ишкана Кыргызстандагы жападан жалгыз М-150 маркасындагы кирпичти өндүрүү жана суукка туруштук берүүчү F25 боюнча сертификат алган.

ОКӨФтүн кредитинин эсебинен заводдун кубаттуулугу 1.8 эсеге – суткасына 180 миң кирпичке чейин өсөт. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, салыктык чегерүү жылына 15 млн сомдон ашат. Продукциянын олуттуу бөлүгү Казакстанга экспорттолорун фонддон билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы