Бийлик Ысык-Көл облусунун негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн АӨБ менен Дүйнөлүк банктан 144 млн доллар карыз алат
Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көл облусунун негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн Дүйнөлүк банктан (ДБ) жана Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында белгилүү болду.
Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары Мелис Абиев депутаттардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусунда Азия өнүктүрүү банкы 44 млн долларга тазалоочу жайларды реконструкциялоо боюнча долбоорду даярдап жатканын билдирди.
Анын айтымында, тазалоочу жайлардын курулушу 2023-жылы башталып, 2029-жылы бүтөт.
Депутат Нурбек Алимбеков парламент өз кезегинде бул долбоорду ишке ашырууну тездетүү үчүн келишимди тез арада ратификациялоого салым кошоорун айтты.
Комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев Дүйнөлүк банк Ысык-Көл облусундагы негизги көйгөйлөрдү чечүү үчүн 100 млн доллар грант жана насыя бөлөт. Каражаттын кайсы бөлүгү насыя түрүндө бөлүнгөнү айтылган жок.