«Газпром» «Кыргызгазды» 1 долларга сатып алды, бирок убадасын аткарган жок – депутат
Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов «Газпромдун» Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө нааразы болду.
Анын айтымында, «Газпром» түзүлгөн келишимдердин бирин да аткарган эмес жана газдын баасы да кымбат берилүүдө.
«Ал келишимде жер-жерлерде, айылдарда, шаарларда газ түтүктөрүн тартып берүү каралган. Ал келишимдердин бири да аткарылган жок. Кээ бир айылдарда 10-15 жылдан бери газ жок. Баасы болсо коңшу мамлекеттерге караганда эки эсе кымбат болуп жатат. Бизге ошондой мамиле кылса боло береби?» – деди Осмонов.
Ошондой эле эл өкүлү протоколдук тапшырма берүүнү сунуштап, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчисин жыйынга чакырып, маалымат берүүсүн талап кылды.
Эскерте кетсек, «Кыргызгазды» Кыргызстан 2013-жылы Россияга символикалык түрдө 1 долларга сатып жиберген. Тагыраак айтканда, 10-апрелде Бишкекте «КыргызгазПром» ЖЧКсынын уставдык капиталындагы 100% үлүшүн россиялык «Газпром» ААКсына сатуу (өткөрүү) боюнча келишимге кол коюлган жана кийинчерээк ал «Газпром Кыргызстан» ЖЧК болуп өзгөргөн. Натыйжада, келишимге ылайык, «Газпром» Кыргызстанды газ менен камсыздоо, газ түтүктөрүн оңдоо сыяктуу бир катар милдеттенмелерди мойнуна алган.