Мыйзамды биз мыйзам чыгаруучу орган кабыл алабыз, аткаруу бийлиги аны аткарат, азыр мыйзамды зордукчулдук менен түртүп жатасыңар – депутат
Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов «КРнын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоорун талкуулап жатып, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен бир топ тартышты.
Эскерте кетсек, мурдагы жыйында депутаттар «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн мааниси – аны менчиктештирүү деген пикирлерин билдиришкен эле. Депутат Султанбай Айжигитов Конституциянын 16-беренесине ылайык, жайыттар менен токойлор менчиктештирүүгө мүмкүн эмес жана ага тыюу салынганын баса белгилеген.
«КРнын жер кодексинин 1-беренесинде дагы, жайыттарга асылдуулугу төмөн жерлер деген терминдин тиешеси жок деп жазылган. Андан тышкары, ошол эле 4-беренеде дагы жайыттарды менчиктештирүүгө мүмкүн эмес деп турат. Бул мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн мааниси эмнеде? Биринчиден, асылдуулугу төмөн деген түшүнүктү мыйзамга киргизип, жайыттарды асылдуулугу төмөн жерлер деген түргө киргизип, андан соң, өздөштүрүүгө алса, андан ары менчиктештирүүгө жол ачылат. Максаты ушул эле негизинен – жайыттарды менчиктештирүүго жол ачуу жана аны сатууга даярдоо», – деген Айжигитов.
Ал эми бүгүнкү жыйында депутат Атазов Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүн аталган мыйзам долбоорун түртүп эле киргизип жатасыңар, мүмкүн бул нерсенин артында кызыкчылыктар туру мүмкүн деген оюн айтты.
«Мыйзамды биз мыйзам чыгаруучу орган кабыл алабыз, аткаруу бийлиги аны аткарат, азыр мыйзамды зордукчулдук менен түртүп жатасыңар. Бул мыйзам боюнча эл аябай нааразы», – деген Атазов долбоорду экинчи окууга кайтарууну сунуштады.
Ушундай эле пикирге токтолгон депутаттер Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, Султанбай Айжигитов, Миргүл Темирбаева мыйзамга коомчулук тарабынан нааразычылык көп экенин белгилешти.
Жыйынтыгында кайчы пикирлер арбын экендигине байланыштуу кеңири талкуулоо үчүн кайрадан экинчи окууга кайтаруу чечими кабыл алынды.