Нарындагы «Куланак» ГЭСинин курулушу 4 жылга созулат
«Нарын» өндүрүштүк ишканасы» ЖЧКга өздүк каражаттарынын эсебинен Нарындагы Нарын дарыясында «Кубаттуулугу 100 МВт белгиленген «Куланак» ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу укугу берилгенин минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Куланак ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган.
Долбоордук-сметалык документация боюнча Куланак ГЭСин куруу мөөнөтү 4 жылды, ал эми тосмонун бийиктиги 27 м түзөт.
Куланак ГЭСин куруу долбоору «Ленгидропроект» АК тарабынан иштелип чыккан. Белгилесек, Нарын дарыясында жалпы орнотулган кубаттуулугу 6.2 ГВт чейин болгон 30га чейин ГЭСти курууга болот.