Финансы министрлиги спортчуларга апрель айында 19 млн сом бөлүнгөнүн билдирди – депутатка жооп
Финансы министрлиги КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгына 2022-жылдын 14-апрелине карата 19 млн сом бөлгөнүн билдирди.
Министрлик апрелге 99.6 млн сом каралганын да белгиледи.
«Дене тарбия жана спорт департаментинин иш-чараларын кошкондо, мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоонун белгиленген тартиби бар, ага ылайык, негизги жана кошумча каржылоо жүргүзүлөт», – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов Финансы министрлиги кыргыз спортчуларына (Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов) акча бөлбөй жаткандыгынан улам алар Монголиядагы эл аралык мелдешке катышууга уча албай жатышканын билдирген эле.