Кыргызстанда доллар менен евронун курсу төмөндөөдө
Бүгүн, 14-апрелде эртен менен саат 10:50 карата Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөп баштаганын, тагыраак айтканда, комбанктарда 1 доллардын сатып алуу курсу 83.4 сом, ал эми сатуу 84-85 сомду түзуп жатканын көрүүгө болот.
valuta.kg порталынын берген маалыматы боюнча, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу комбанктардан айырмаланып, 1-1.5 сомго жогору болууда. Айтсак, 1 долларды сатып алуу курсу 84.5 сом болсо, сатуу 85.5 сомдун тегерегинде болууда.
Улуттук банктын 14-апрелге карата расмий курсу 83.5 сомду (-2.93%) түздү.
Ал эми евронун сатып алуу курсу 91.2 сом, сатуу 92.2 сом болууда.