Кыргызстандык ишкерлер үчүн Иранга учууга, жүк ташууга баалар арзандады
Кыргызстандык жеке ишкерлер Иранга бир топ арзандатуулар менен учуп, жүктөрүн ташый алат. Бул тууралуу 12-апрелде КРнын Соода-өнөр жай палатасынын ага вице-президенти Роман Касымов менен Varesh Airlines ирандык авиакомпаниянын коммерциялык директору Мохаммад Ходакарами менен жолугушууда айтылды.
Макулдашууга ылайык, Палатынын мүчөлөрү үчүн Бишкектен Мешхед шаарына жүк ташуулар дээрлик 2 эсе арзандап, килограммына 2 доллардын ордуна 1.3 долларды түзөт.
Мындан тышкары, КРнын СӨПүнөн келип жаткан делегация мүчөлөрүнө авиабилеттин баасы ар бир жүргүнчүгө 70 долларга чейин төмөндөтүлүп, бир тарапка 250 долларга, эки тарапка 410 долларга теңелет.
Учуулардын мезгилдүүлүгүн айта турган болсок, ирандык авиакомпания Мешхед – Бишкек аба каттамын жума сайын аткаруу ниетинде. Буга чейин кыргызстандыктар аталган багыт боюнча айына бир ирет гана уча алышчу. Учуу убакыты 1.5 саат.
Мешхед шаары чоңдугу жана калктын саны боюнча Иранда экинчи орунда турат. Эске салсак, былтыр КРнын Соода-өнөр жай палатасы Иран менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү үчүн биргелешкен бизнес-комитет түзүү жөнүндө макулдашууну бекиткен.
Палатадан билдиришкендей, бүгүнкү күндө КРнын Соода-өнөр жай палатасында 1 миң 200дөн ашуун компаниялар жана жеке ишкерлер мүчөлүктө турат. Башка артыкчылыктардан тышкары, аларга визаларды алууда колдоо, бизнес-форум, жолугушуулар, чет өлкөдө стажировкалар жөнүндө ыкчам маалымат, ошондой эле ар кандай актуалдуу багыттар боюнча бизнес-окутууларда арзандатуулар берилет.