«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуу дээрлик бүтүп калды
«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуу дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун расмий ачуу салтанатында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Жапаров бардык пландар жана макулдашуулар жакынкы келечекте ишке ашат деп ишенээрин билдирди.
«Тиешелүү мамлекеттик органдар бизди Түштүк Азия өлкөлөрү менен байланыштыруучу «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча дээрлик бардык маселелерди макулдашты.
Келечекте биз бул магистралдын транспорттук потенциалын активдүү пайдаланууга тийишпиз. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча катары бизнес субъекттеринин түз байланышын чыңдоого чоң салым кошуп, ошондой эле жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга өбөлгө түзөт деп ишенем», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы.
Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков эки өлкө лидерлеринин саясий эркине жараша эки тараптуу өз ара аракеттенүү жаңы сапаттуу деңгээлге чыккандыгын белгиледи.