Лейлектеги 7 млн долларлык кичи ГЭСти депутат Айбек Осмоновдун бир тууганына таандык «Кыргыз Каганат» (Ихлас Строй) ЖЧКсы курат

Лейлектеги 7 млн долларлык кичи ГЭСти депутат Айбек Осмоновдун бир тууганына таандык «Кыргыз Каганат» (Ихлас Строй) ЖЧКсы курат

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Лейлек кичи ГЭСинин курулушуна 7 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Фонддун берген маалыматында долбоорду «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы ишке ашыраары тууралуу айтылган. Курулуш иштери 2022-жылдын март айында башталып, 2023-жылдын март айында бүткөрүлөт.

ЖМКгы фактчек-маалыматтарга таянсак, «Каганат Инвест» холдингинин башкы директору Нурбек Осмонов Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун бир тууган агасы.

«Каганат Инвест» холдинги «Кыргыз Каганат» ЖЧКсын 2003-жылы түзгөн жана ал «Ихлас» бренди менен аталган ишкана бир топ турак жай үйлөрүн куруп келет.

Лейлек кичи ГЭСинин курулушуна колдонулчу өндүрүштөгү жабдуулар да «Каганат Инвест» холдингине таандык «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧКсынан алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы