ОКӨФ Лейлек кичи ГЭСинин курулушуна 5.6 млн доллар насыя берди
Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Лейлек кичи ГЭСинин курулушуна 7 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Фонддон билдиришкендей, ГЭСтин кубаттуулугу 5.9 мегаватт болуп, жылдык өндүрүшү 26.3 млн киловатт-саат болот. Анын эсебинен Баткен облусунун электр энергиясына болгон муктаждыгынын 3.5%дан ашыгын жабууга мүмкүнчүлүк, жаңы жумуш орундары түзүлөт.
«Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында энергетика тармагын реформалоо, анын ичинде энергетика тармагына инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көптөгөн иштер аткарылууда. ОКӨФ бул процесске активдүү катышууда. Баткен облусунда кичи ГЭСти куруу боюнча биринчи долбоорду ишке ашырууну баштап жатабыз. Белгилей кетчү нерсе, бул жалпысынан бул аймактагы биринчи мындай долбоор», – деди фонддун төрагасы Артем Новиков.
Долбоорду КРда бир нече чакан ГЭСтерди курууну пландаштырып жаткан «Росатом Борбор Азия» ЖЧЖ (РФ) иштеп чыккан. Ал ошондой эле Лейлек ГЭСи үчүн жабдуулардын негизги ташуучусу болот. Долбоордо ошондой эле ата мекендик өндүрүштөгү жабдуулар, анын ичинде Ош шаарындагы «Кыргыз унаа курулуш» ишканасында чыгарылган турбиналар колдонулат.
Долбоорду «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы ишке ашырууда. Курулуш иштери 2022-жылдын март айында башталып, 2023-жылдын март айында бүткөрүлөт.
«Фонд КРнын аймактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда чоң колдоо көрсөтүүдө. Буга чейин Баткен облусунда 115тен ашык долбоорду каржылаганбыз. Биз мындан ары да Президентке жана Министрлер кабинетине негизги милдетти – өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнү ишке ашырууда максималдуу колдоо көрсөтөбүз», – деди Артем Новиков.